Ал ортодо соцтармакта мындай видео тарады. Анда жаңы эле президент кызматтан кетирген Ош жетекчисинин орун басары Данияр Жаныкулов.
Көп өтпөй Жаныкулов видео 1 жыл мурда тартылганын, жада калса кабинетине камераны өзү койдурганын билдирди.
Жаныкулов видео тууралуу мындай деди:
◽Былтыр бутумдан операция болуп ооруканага жатып чыккам. Биринчи кирген адам Керим Макеев деген байкебиз. “Абалыңды сурап бара албадым, ушул акчага чай ичип кой” деп, анан бир жумуш дайындаган, бир маселе болуп жатат жардам бер деп. Колдон келишинче аракет кылам дегем. Коррупциялык элемент же башка маселе жок.
◽Кара-Суунун акимине элден келген арыздарды бергем. Андай кайрылууларды минтип конверттерге салып жөнөтүшөт.
◽Маалымат катчыга карматкан акча боюнча. Ош облусун өнүктүрүү боюнча 15 мүнөттүк ролик тартуу үчүн жеке компанияларды жалдап 2000 долларга сүйлөшкөнбүз. Сомго которгондо 140 миң болот экен, ошонун 100 миң сомун берип жаткам.
Булак: Спутник