Индонезиянын президенти Джоко Видодо Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Ушул маанилүү окуяга байланыштуу Индонезиянын өкмөтүнүн жана элинин атынан 1993-жылдын 5-апрелинде түзүлгөн Индонезия менен дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу ысык саламымды жана куттуктоомду билдиргим келет. Акыркы отуз жылдын ичинде биздин эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз мамиле конструктивдүү түрдө бекемделип келгенин белгилеп кетүүгө кубанычтамын. Ал мамиле азыр, жакынкы жылдарда, келечекте да өнүгө берерине толук ишенемин. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Индонезиянын эки тараптуу деңгээлде да, эл аралык форумдарда да ар түрдүү тармактарда кызматташуубузду бекемдөөгө умтулуусун дагы бир жолу ырастайм” — деп айтылат катта.
Джоко Видодо Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине чың ден соолук, тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.