Баткен жана Ош облустарындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан субъекттердин салыктык карыздары кечирилет.
“Кабарда” өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов билдиргендей, мыйзам күчүнө киргенден баштап жергиликтүү салык кызматында атайын комиссия түзүлөт.
“Жабыр тарткандардын тизмеси бар, алар арыз менен кайрылышат. Бизде кимдин канча карызы тууралуу маалымат бар. Анын негизинде карызы качан пайда болгонун далилдейт, анан кечирүү процесси башталат” — дейт ал.