7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дипломатиялык мамилелерге 30 жыл. Ирандын президенти Садыр Жапаровду куттуктап, ийгиликтерди каалады

601

Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду.

“Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жарыялоо эки элдин тарыхына жана маданиятына сиңген көп жылдык мамилелеринин жаңы этабын ачып, аларды болуп көрбөгөндөй жакындатты.

Маданий-цивилизациялык жалпылыктар, жалпы улуттук салттар – өз ара мамилелердин негизин түзгөн эбегейсиз байлык. Дипломатиялык мамилелердин отуз жылында Иран Ислам Республикасы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу аракеттерди жасады. Эки өлкөнүн мамилелери маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт, анын жыйынтыгында түрдүү — мамлекеттик, аймактык, ведомстволор аралык, өкмөттүк жана жеке деңгээлдеги кызматташуу боюнча 120дан ашык документтерге кол коюлду.

Жогорку деңгээлдеги өз ара жолугушуулар жана үзгүлтүксүз өз ара консультациялар бардык багыттар боюнча мамилелерди мындан ары да кеңейтип, эки дос элдин ортосундагы байланышты чыңдоо боюнча негизги чараларды көрүүгө алып келери шексиз”, — деп айтылат куттуктоо катында.

Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырып, ага ден соолук жана ийгилик, ал эми кыргыз элине бакубатчылык каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

602