Кечээ, 3-сентябрда Чолпон-Атадагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.
Бүгүнкү мелдешке 10 өлкөдөн (Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Орусия, Өзбекстан, АКШ, Румыния, Венгрия, Тажикстан, Кытай) 3 салмак категориясы боюнча (90кг чейин, 100кг чейин, 110кг чейин) 42 спортчу катышты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
90 кг чейин:
1-орун-Откелбай Дарын (Казахстан)
2-орун — Бердибек уулу Ислам (Кыргызстан)
3-орун — Норкулов Тойчубек (Таджикистан)
3-орун — Нематуллаев Саидаф (Узбекистан)
100 кг чейин:
1-орун — Избассаров Сырым (Казахстан)
2 — орун — Мунур уулу Амантур (Кыргызстан)
3-орун — Эшбеков Наврузбек (Таджикистан)
3-орун — Зокирджонов Азизбек (Узбекистан)
110 кг чейин:
1- орун — Башан Асхат (Кыргызстан)
2- орун — Абдыраханов Турд (Кытай)
3 — орун — Еркинулы Нуржан (Казахстан)
3- орун — Шайтан Харджаубай (Монголия).
1-орундун жеңүүчүлөрү 100 миң сомдон, 2-орун 80 миң сомдон, ал эми коло байге ээлери 60 миң сомдон алышат.



