7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Дордой-Номадда» этно-көргөзмө жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтүүдө

224

3–5-сентябрь күндөрү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Дордой-Номад» комплексинде этно-көргөзмө жана кыргызстандык, ошондой эле чет өлкөлүк кол өнөрчүлөр менен сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин жарманкеси өтүүдө.

Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз элинин салттуу кол өнөрчүлүгүн, улуттук маданиятын жана чыгармачылыгын кеңири жайылтуу менен бирге, чет өлкөлөрдүн кол өнөрчүлөрү жана сүрөтчүлөрү менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Көргөзмө-жарманкенин алкагында коноктор үчүн салттуу өнөрдүн түрлөрү боюнча чебер-класстар уюштурулат. Алардын арасында терме токуу, ат жабдыктарын жасоо, темирге көркөм чегүү (чеканка), керамика жана суу бетине сүрөт тартуу боюнча практикалык сабактар бар.

Этно-көргөзмө жана жарманке 3–5-сентябрь күндөрү «Дордой-Номад» комплексинде өтөт. Иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында уюштурулууда.

225