7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дмитрий Бивол Токмоктогу мектепти оңдоп берди

383

Мушкер Дмитрий Бивол Токмок шаарындагы өзү билим алган мектепти оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берди. Бул туурасында “Кабар” маалымат агенттиги жазды.

Мектеп директору Роза Тукубашева билдиргендей, мектептин сырты, кире бериши жана жыйындар залы ремонттолду. Буга кошумча ар бир мугалим ыңгайлуу отургуч жана компьютер менен камсыздалды. Ошондой эле класстарга мультимедиалык экрандар жана видео камералар орнотулду.

“Учурда мугалимдердин кабинети оңдолууда. Спорт зал толугу менен капиталдык ремонттон өтүп жатат. Мында кыздарга жана балдарга өз-өзүнчө жуунучу жана чечинүүчү бөлмөлөр болот. Биз Дмиртий Биволго биздин мектеп үчүн жасаган эмгегине ыраазычылык билдиребиз”, — деген ал.

Ремонт иштерине жалпысынан дээрлик 35 млн сомдой акча каражаты сарпталган.

384