Догоев Дастан санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Ошондой эле ал Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун орун басарлык кызматты дагы аркалайт.
Белгилей кетсек, бүгүн мурунку министр Азамат Дыйканбаев УКМК тарабынан ири суммадагы пара алуу фактысы боюнча кармалган.