Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 267 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында — 386, Алматы шаарында — 510, Шымкент шаарында — 79 Акмоло облусунда — 137, Актөбе облусунда — 72, Алматы облусунда — 140, Атырау облусунда — 87, Чыгыш-Казакстан облусунда — 97, Жамбыл облусунда — 33, Батыш-Казакстан облусунда — 109, Караганда облусунда — 318, Костанай облусунда — 38, Кызылорда облусунда — 36, Мангистау облусунда — 60, Павлодар облусунда — 105, Түндүк-Казакстан облусунда — 23, Түркестан облусунда – 37 адамдан COVID-19 табылган.
Эскерте кетсек, Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 368 миң 748 адам коронавирус жуктурган.