АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка кол салуу аракети жасалды.
Маалыматка ылайык, Пенсильвания штатында саясатчы сүйлөп жатканда белгисиз адам ок чыгарып, Трамп кулагынан жаракат алган.
Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, окуянын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы экөө (саясатчыдан тышкары) жаракат алган.
Ок аткан 20 жаштагы жергиликтүү тургун АКШнын жашыруун кызматы тарабынан өлтүрүлгөн дешүүдө.
Учурда окуя иликтенип жатат.