АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын кичүү кызы 29 жаштагы Тиффани 25 жаштагы нигериялык миллиардер Майкл Булоско турмушка чыкты. Бул тууралуу “Фокус” басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, үйлөнүү аземи Трамптын Палм-Бичтеги мүлкүндө өттү. Жаштар көптөн бери достору жана тааныштары менен бирге өткөрө турган салтанаттуу тойго даярданышкан.Майрамга алардын ата-энелери жана достору, жана ошондой эле колуктунун бир тууган агасы жана карындашы – Эрик менен Иванка Трамп да катышты.
Эске салсак, Тиффаниге өткөн жылдын башында нигериялык бизнесмен турмушка чыгуу сунушун киргизген. Ал социалдык тармактардагы жазылуучуларга өзүн чындап бактылуу сезип жатканын жазып чыккан. Булос Тиффаниге баасы миллион доллардан ашкан 13 караттык бриллиант шакек белек кылган.