Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-ноябрь күнү Баткен облусунун 38 жаштагы тургуну Н.О. Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, чет өлкөгө мыйзамсыз бир нече жолу кирип-чыккандыгы аныкталып, кармалды.
Азыркы күндө Кылмыш жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.