7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмеси өттү

724

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун төрагалыгы астында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында  кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги кеңешмеси болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешменини жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

Тараптар кийинки кеңешмени Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү макулдашышты.

Белгилей кетсек, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү манаайында өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

725