“Дордой” соода-базары комплексинин аймагында опузалап акча каражатын талап кылуу жана мыйзамсыз өндүрүп алуу боюнча кылмышка шектүү катары Н.А.Ж. аттуу жаран кармалды.
Ал “Дордой” соода борборунан Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу районунун базарларына жана Өзбекстандын базарларына жүк ташуучу оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан үзгүлтүксүз акча талап кылуунун мыйзамсыз механизмин уюштурган. Жашаган жерин тинтүү учурунда каттоодон өтпөгөн мергенчилик мылтыгы (араланган сайлуу мылтык), атылбас курал жана диний адабияттар табылган.
Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.