Акыркы бир нече күндөн бери медиа айдыңында «Кемпир-Абад» суу сактагычынын айланасына байланыштуу талкуулар жүрүүдө. Тактап айтканда, ЖМКлар «Кытай Кемпир-Абаддан Ферганага таза суу жеткире турган долбоорду каржылайт» деген билдирүүлөрдү жарыялады. Буга байланыштуу «Кабар» агенттиги президент Садыр Жапаровго кайрылып, комментарий алды.
— «Азаттык» медиасы Өзбекстан «Кемпир Абад» суу сактагычынан ичүүчү сууну Фергана шаарына тартып баштоону пландап жатканын билдирди. Бул эки тараптын сүйлөшүүлөрүнө туура келеби? Анан аталган маалыматта «Кемпир Абад» мурда Кыргызстанга тиешелүү болчу деп белгилениптир. Бирок буга чейин ал Өзбекстанга тиешелүү болчу деп айтылган эле. Ушул боюнча да түшүндүрүп берсеңиз?
— Ооба мен дагы «Азаттыктын» көрсөтүүсүн көрдүм. «Кемпир-Абад» мурда Кыргызстанга карачу» деп элдин башын айландырганга аракет кылышыптыр. Булар оңолбойт экен да. Же артында турган кожоюндары катуу буйрук берип жатышабы деп ойлойм. Аларга Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда будуң-чаң болуп турганы эмне пайда билбейм. Бул сөзү менен кыргыз-өзбек кылып чабыштыралы деген «Азаттыктын» арам ою оркойуп көрүнүп турат.
«Кемпир-Абадды» илгертен бери 100 пайыз Өзбекстан башкарып келген. Былтыркы чек ара маселеси менен чогуу «Кемпир-Абад» маселесин да чечкенбиз. Келишимге ылайык мындан ары 50/50 болуп калды. Азыр теңме-тең башкарып жатабыз. Биздин кишилер дагы олтурушат мындан ары ушундай болот. Биз, Кыргызстан тарап «Кемпир-Абад» суу сактагычындагы суудан болгону 10 пайыздын тегереги пайдаланабыз. Калган суунун баары 100 жылдан бери Өзбекстанга агып кирип кетет. Дагы 100 жыл агат. Эмне үчүн теңме тең башкарууга кирдик? Бул биз үчүн чоң жеңиш. Биринчиден, 900-горизонттон ашпасын көзөмөлдөйбүз. Биздин кургак жерлерибизди суу басып кетпеш керек. Экинчиден, биздин плотинадан ылдый турган айылдарга сугат мезгилинде жетиштүү суу алып турушубуз керек.
«Кемпир-Абаддан» Барпы айыл аймагынан 1 741 кожолук, Таш-Булак айыл аймагынан 110 кожолук, Ырыс айыл аймагынан 950 кожолук, Сузак айыл аймагынан 300 кожолук жалпысы болуп 3 101 кожолук 3 848 га жер аянтын сугат суусу менен камсыз болуп турат. Калган суу түптүз эле Өзбекстанга агып кетет.
Мурда сугат мезгилинде суу жетпей, «сууну көбүрөөк ачып койгулачы» деп суранып барып жүргөн экенбиз. Кээ бир учурларда жайдын күнү суу толук жетпей калган жылдар болгон. Жергиликтүү калк жакшы билет. Быйыл болсо жогорудагы аймактарга суу толук жетип турду. Анан эми эң негизги маселеге токтолоюн.
Өзбек тарапка кетип аткан сууну өзбек тарап арык менен алып кетеби, түтүк менен алып кетеби же асман менен алып кетеби кайсы айырмасы бар? Ар бир кыймыл аракетти эки тарап макулдашып жасап турабыз. Мындан ары кыргыз-өзбек достугу бекем болот. Бир Кудайдан башка эч ким буза албайт. Ошол үчүн Кудайдан тынчтыкты көп-көп суранып турушубуз керек. «Азаттык» сыяктуу чагымчыл маалымат каражаттарынын провакациясына алдырбаш керек.