Президент Садыр Жапаровдун күтүүсүздөн УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматын жоюп коюшу, коомчулукта эки достун мамилеси бузулдубу деген бүдөмүк ой жараткан. Айрымдар, Президент бул кызматты жоюу менен Ташиевдин аткаминерлерди камоо мүмкүнчүлүгүн кыскартты деген пикирлерин айтышууда.
Ага жооп иретинде, Саясат.kg порталы макала чыгарды. Өзгөртүүсүз беребиз.
«Президент Садыр Жапаровдун УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жоюу чечимин айрым адамдар, эки достун ортосунда жик кеткенин, атайын кызматтын төрагасын алсыздандыруу катары баалашууда. Мындай сөздү чыгарган ырк бузар, тилинен башка берекеси жок эл душмандары достуктун баркын билбейт окшобойбу. Болбосо мындай сөздөрдү айтмак эмес.
Эки достун достугун эч кандай байлык менен бийлик буза албасын булар эчак далилдешкен. Садыр Жапаровдун башынан кара булут айланып, камакка алынып, оор күндөрдү башынан өткөрүп жатканда, достука бекем Камчыбек Ташиев Жапаровду сатып кетпей, башка бирөөнүн этегине эрмешпей Садыр Жапаровдун «Мекенчил» партиясын парламенттик шайлоодо алып чыкканына баарыбыз күбөбүз. Андан тышкары досунун үй-бүлөсүн кабар алып, Жапаровдун түрмөдөн бошотулушун ошол кездеги бийлике байма-бай айтып, суранып, керек болсо кечирим сурап келгенин ким тана алат?
Бул эки инсан бири-бирин толуктап турган, бир бүтүн экенин эстен чыгарбайлы. Ортосуна от жагам дегендер эсиңерге келгиле. Силердин жеңил желпи интригаларыңар өтпөйт«, -деп жазат Саясат.kg порталы.