Бүгүн, 26-июнда Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Кара-Жыгач конушуна алгачкы балдар бакчасынын курулушу башталды. 2 кабаттан турган имараттын жерпайына капсуланы Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов салып берди.
140 балага ыңгайлашкан бакча Исакеев менен Кара-Жыгач көчөлөрүнүн кесилишине курулууда. 2 кабаттан турган имаратты «Олимп и Ко» курулуш компаниясы куруп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык 2022-жылды август айына бүткөрулүп, ишке берилет.
Имараттын биринчи кабатында ойной турган бөлмөлөр, кампа, ашкана, жатакана, жуунуучу жай жана техникалык бөлмөлөр жайгашат. Ал эми экинчи кабатында музыкалык-гимнастикалык зал, методикалык класс, балдар ойной турган залдар жайгашат. Канча каражат каралгандыгы ачыкталган эмес.