7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Достук” жана “Мурас” командалары Ноорузга карата көк бөрү боюнча мелдештен четтетилди

8

Чолпон-Атада уруша кеткен “Достук” жана “Мурас” командалары Ноорузга карата көк бөрү боюнча мелдештен четтетилди. Бул тууралуу көк бөрү федерациясы билдирет.

«17-мартта оюн учурунда командалардын ортосунда орун алган пикир келишпестикке байланыштуу «Достук» жана «Мурас» командалары видео материалдарды карап чыгуунун негизинде Ысык-Көл ички иштер башкармалыгынын сунуштамасы менен турнирдин эрежелерине ылайык тартип комиссиясы командаларды Нооруз турниринен четтетүү тууралуу чечим кабыл алды.

Командалар буга чейин дагы бир нече эскертүүлөрдү алган. Бул мындан ары бардык командаларга сабак болушу шарт. Оюн учурунда тартип бузган командаларга катуу чара көрүлөт», — делет маалыматта.

Эки команда четтетилгенден улам тайпада өзгөрүүлөр болуп, кийинки оюндарга «Алтын Альянс» командасы катышат. Команда буга чейин Талас облусуна чыгып кеткенине карабастан, Ысык-Көл облусуна жол тартканы маалымдалды.

19-март күнү өтө турган оюндар:

15:00 «Ынтымак» — «Шахтер»;

17:00 «Намыс» — «Алтын Альянс».

9