7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ДСУ Коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасын чукул колдонууну сунуштайт

286

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери Түштүк Кореяда жана Индияда жасалган «AstraZeneca/Oxford» вакцинасынын эки вариантын шашылыш түрдө колдонууну жактырышты. Эми көптөгөн өлкөлөр COVAX демилгеси аркылуу бул дарыны ала алышат. Бул тууралуу «БУУнун жаңылыктары» билдирди.


Препарат уюм тарабынан расмий жактырылган «Pfizer» вакцинасынан кийинки экинчи болуп эсептелинет. ДССУ вакцинаны 18 жаштан жогору курактагы бардык топтордо колдонсо болорун айтты. Буга чейин кээ бир өлкөлөрдө аны улгайган адамдарга сунушташкан эмес.


Изилдөөлөр AstraZeneca/Oxford вакцинасынын жалпы натыйжалуулугу 63 пайызга бааланарын аныктады. ДССУнун адистери биринчи жана экинчи дозанын ортосунда 4-12 жума аралыгын сактоону сунушташат. Аралык канчалык узун болсо, вакцинанын эффективдүүлүгү ошончолук жогору болот. Ошондой эле «AstraZeneca/Oxford» кадимки муздаткычтарда сакталып, аны ташууну жеңилдетет.


Эскерте кетсек, COVAX механизми аркылуу Кыргызстанга 504 миң доза AstraZeneca вакцинасы бекер бөлүнүп берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

287