Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Европадагы регионалдык бюросунун директору доктор Ханс Клюге менен жолугушкандыгын кабарлады. Бул тууралуу ал оздүк баракчасында маалымдайт.
Бейшеналиев ДСУнун Регионалдык директоруна Кыргызстанга COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ар тараптуу жана өз убагында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиргенин жазат. Өз кезегинде доктор Ханс Клюге кыргыз тарапка COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө тыгыз кызматташуу үчүн ыраазычылыгын айткан.
Ошону менен бирге Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагындагы оң өзгөрүүлөрдү канааттануу менен белгилеп, ошондой эле ДСУ менен Кыргызстандын ортосундагы жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экенин билдирген.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ДСУнун ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, атап айтканда: COVID-19га каршы эмдөө жаатында; башка жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү жаатында; психикалык саламаттык саясатын өркүндөтүү; санариптик ден-соолук системаларын киргизүү мүмкүнчүлүктөрү; ошондой эле калкты эмдөө жолу менен ооруларды алдын алуу маселелери камтылды.