7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен менен Согди облустарынын башчылары жолугуп, чек араны талкуулашты

691

Бүгүн, 27-октябрда Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода жолугушту. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга ошондой эле эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун акими Баховадин Баходурзода катышты.

Тараптар Баткен районунун Орто-Боз айылы менен Тажикстандын Хожъало айылына чектешкен Төрт көчө участогунда чек арадагы соңку катталган окуяларды талкуулап, алдын алуу чараларын карашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

1) Чек аралаш аймактарда шарттуу чек ара сызыгына жакын курулуш иштерин жүргүзбөө;

2) Мал жандыктар эгерде чек арадан өтүп кетсе эки тарап тең кармабай, өз жерине кайтаруу (чыгарып жиберүү);

3) Аткезчиликке бөгөт коюу боюнча эки өлкөнүн күч түзүмдөрү бирдикте иш-чараларды жүргүзүү – жоопкерчилик эки облустун чек ара кызматтарында;

4) Суу маселеси боюнча Баткен жана Исфара райондорунун акимдери бүгүн саат 16:00дө жолугушуу өткөрүп, бирдикте чек аралаш аймактарда жөө жүрүп, кайсыл жерде көйгөйлүү маселелер бар жер-жеринде чечүү.

Жолугушуунун алкагында эки облустун башчылары эки тараптын күч структураларынын жетекчилерине өз ара сүйлөшүү, макулдашуу боюнча убакыт бөлүп беришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

692