Күрөш боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекова балачагында оор күндөрдү башынан өткөргөнүн айтты. Бул тууралуу ал 25-октябрь күнү болуп өткөн Кыргызстан жаштар Конгрессинде айткан.
Анын айтымында, өзү көп ойлонгону менен көп сүйлөгөндү жактырбайт.
«Бүгүнкү күндө жасап жаткан иштер, бул менин колуман келген жумушум. Кичинекей кезимден баштап эле кыйынчылыкта эле, кедей болуп чоңойдук. Жылдап нанга жетпей калган күндөр болгон. 6 жашымдан баштап сүт сатчумун, картошка отоп эле аябагандай кыйынчылык күндөрдү башымдан өткөргөм десем болот. Ошол күндөрдүн аркасы менен мен биринчи класска барганымда эле жашоомду өзгөртүшүм керек экенин түшүнгөм. Ошондуктан жашоомду өзгөртүш үчүн 11-классты толук бүтпөй аракет бул тармакта аракет кылып баштагам. Бул эле деңгээлде токтоп калгым келбейт, мен илимимди дагы өнүктүрөм деп ойлойм», — дейт ал.
Мындан тышкары, ал окуп жүргөндө англис тили курсуна баргысы келгенин, бирок 100 сому жоктугунан бара албай калганын кошумчалады.
Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмак категориясында дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram