Депутат Эмил Токтошев бүгүнкү жыйында Акылбек Жапаров аткаруу бийлгине келгенден бери, Кытай менен болгон мамиле жандана баштаганын белгилеп өтүп, эми «Мамлекеттик эң чоң долбоорлордун бири болгон кыргыз-кытай темир жолу качан ишке кирет, жылыш барбы?»-деп сурады.
Акылбек Жапаров, ички пландоо иштери дээрлик соңуна чыгып калгынын айтты.
«Ички пландоо, кагаз иштери толугу менен такталып бүткөн. Биздин аймактан жалпысынан 280 км жол каралат экен. Эми кытай тарап менен макулдашуу эле алды. Ал үчүн Президенттин Кытай өлкөсүнө болгон сапарын күтүп жатабыз. Коронавируска байланыштуу Пекин ачыла элек, ачылса эле эки тараптуу сүйлөшүүлөр жанданып, бул маселе чечилет деп күтүп жатабыз«-деди Жапаров.