7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дыйкан чарбалар үчүн жаңы камсыздандыруу төгүмдөр кандай иштейт?

13

Дайырбек Орунбеков: 2024-жылы пенсия системасын жакшыртуу максатында “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген.

Ал эми Мыйзамдын расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү ченемдер, анын ичинде дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери бөлүгүндө, 2025-жылдын 14-майынан тартып күчүнө кирди. Бул демилге, Министрлер Кабинетинин мурдагы Төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан демилгеленген болчу.

Мында, ар кимдин пенсиясы өзүнүн Соцфондго төлөгөн төгүмүнө жараша болушу максатталган. Себеби, пенсия курагына келген кезде, соцфондго болгон төгүмдөрү жок же аз болгондактан, жаран минималдык өлчөмдө 700 сомго пенсияга чыкчу. Азыр минималдык пенсиянын өлчөмү 6900 сом.

Буга чейин дыйкан чарба ээлери камсыздандыруу төгүмдөрүн бир жылда бир жолу төлөшкөн. Мисалы Ат-Башы районунда жылына 1 гектарга 191 сомдун тегереги. 2025-жылдын 14-майынан тартып орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 6 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын төлөө каралган.

Мисалы, өткөн жылдагы орточо айлык – 29 373 сом болсо, 1 гектардан ашык жери барлар ай сайын 1 762 сом төлөөгө милдеттендирген. Төгүмдөрдү өз убагында төлөбөй өткөрүп жибергендер үчүн – ар бир күнгө 0,1% же 1,76 сом туум кошулары дагы жаңы мыйзамда каралган. Ал эми 1 гектарга жетпеген жер тилкеси барлар орточо айлыктын 4%ын түзгөн сумманы кааласа гана төлөйт деп кабыл алынган.

Бул мыйзам, алыскы жана тоолуу Ат-Башы, Чаткал, Алайкуу сыяктуу аймактарда жашаган элге оор келип, нааразычылык пикирлерди жаратууда. Алыскы аймактарда жашаган дыйкандар 1–2 ай гана жер иштеткени менен, жыл ичинде ар бир айга 1 762 сомдон төлөөсү мыйзамда бекитилген.

Ушуга байланыштуу, Өкмөт тараптан 2025-жылдын сентябрына чейин Салык кызматына жана Соцфондго бул мыйзамды аткарбай туруу тапшырмасы берилди. Сентябрда Жогорку Кеңеш жумушка чыккандан кийин, мыйзамды кайра карап чыгып, дыйкан чарба ээлерине оорчулук келтирбей турган өзгөртүү киргизүү пландалды.

Буга чейин, Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык 2022-жылдын 1-январынан тартып айыл чарба багытындагы жерлер мүлк салыгынан 3 жылга бошотулган. Кийин, тактап айтканда 2025-жылдын 8-январындагы жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 1-январынан 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба багытындагы жерлер мүлк салыгынан бошотулду. Бул дыйкандарга мамлекет тарабынан болгон камкордук.

14