Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукту түп-тамырынан жок кылуу аракети күч алууда. Өлкө жетекчилиги мындан ары кримтөбөл, уюшкан кылмыштуулук түшүнүктөрү болбой турганына, мыйзам үстөмдүгү гана орнооруна убада беришүүдө. Кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы болгон 202 мамлекеттик кызматкер аныкталганын билдирген. Маалым болгондой, алар кызматтан кетишет, анткени уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө криминалдын бийлик бутактарындагы, мамлекеттик кызматтардагы таасири дагы тазаланат.
Ал эми бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов менен «Дженго» каймана аты менен таанымал кримавторитет Кадыр Досоновдун сүйлөшүүсүнүн аудиосу тарады. Анда Дженго эл өкүлүнө өзүнө байланышкан ызы-чууну улам айтып чыга бербөөнү эскерткен. Аны менен катар Атазов аркылуу дагы бир депутат Айбек Осмоновго «ашыкча сүйлөбөй турсун» деген сыяктуу «салам жолдогон».
Эске салсак, 10-октябрда УКМК Дженгонун уюшкан кылмыштуу тобунун 10 активдүү мүчөсүн кармаган. Ага чейин, 6-октябрда кримавторитет кылмыш дүйнөсү менен кол үзгөнүн коомчулукка жарыялаган.
Мамлекеттик кызматтардагы кылмыштуу топтор менен байланышы бар кызматкерлерди, жетекчилерди аныктоо жана тазалоо Жогорку Кеңешке да тиешелүү. Буга чейин коомчулукта айрым эл өкүлдөрүнүн кылмыш дүйнөсүнүн анабашчылары менен жылуу мамиледе экени айтылып келген. Бирок андай маалыматтарды аттары аталган эл өкүлдөрү четке кагып келишкен. Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча ушул убакка чейин кандайдыр бир пикирин билдирген эмес.
Булак: sayasat.kg