7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Финико” каржы пирамидасын уюштургандардын бири кармалды

415

Түркияда “Финико” каржы пирамидасын уюштургандардын бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  Анталья шаарында Кыргызстандын 100дөн ашуун жараны уюмдун ишмердигинен 1.4 млн.доллар зыян тарткан.

“2022-жылдын ноябрында эл аралык издөө жарыяланган 43 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалды. Аталган шектүү өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык, кылмыш коомчулугун түзүү жана ага катышкандыгы үчүн изделип жаткан.

Буга чейин ИИМдин Интерполу Грузия жана Россия Федерациясынын Интерполу менен биргеликте кылмыштарга катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Э.М. , А.Ч. жана чет мамлекеттин жараны Д.К. шектүү өз мамлекетинин аймагында жасалган ушундай эле кылмыштарды жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турат” – деп айтылат маалыматта.

“Финико” компаниясынын курамына Кыргыз Республикасынын жарандары Э.М., А. Ч., С.А., Р.С., Л.Н., К.М. аттуу жарандар  кирген, алар кылмыштуу топтун аймактык жетекчилери болуп дайындалган. Алар 2019-2021-жылдары уруксат берүүчү документтери жок Бишкекте 17 кеңсе жайын мыйзамсыз ачышкан.

Өлкө аймагында ишмердигин жүргүзүп, жалпы суммасы 1 283 414 АКШ долларын жана 5 764 980 сомду түзгөн өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын ээлеп алышкан.

416