7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дзюдочу Эрлан Шеров Париждеги турнирде коло утту

443

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Парижде өткөн Paris Grand Slam (Париж Гранд Шлем) эл аралык мелдешинде коло медаль утту.

Спортчу таймашты 1/16 финалдан баштаган. Алгачкы эки беттешинде бейтарап спортчу Егор Варапаев менен монголиялык Алтанбагана Гантулганы жеңген. Бирок чейрек финалда азербайжандык дзюдочу Элхан Гажиевге утулган. Андан соң көңүл жубатуучу беттеште бельгиялык Сами Чоучи менен кез келип, ал кармашта жеңүүчү болуп чыккан.

Ал эми үчүнчү орун үчүн беттеште бразилиялык Рафаел Маседону утуп, коло байгеге татыган. Аны менен бирге ага 500 рейтингдик упай берилген.

Гранд Шлем мелдештери абройлуу турнирлердин катарына кирет. Бул мелдеште байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар дүйнө чемпионаты жана Олимпиада оюндарына катышуу үчүн рейтингдик упайларды ала алышат.

444