7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эң көп суммага сатып алынган «Нур тездеткич» аппараттар ишке кирди

1147

Бүгүн, 7-июлдан тарта, Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордо нур тездеткич аппараттар ишке кирди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул медициналык жабдууларды «Кумтөр Голд Компани» бөлгөн каражатка сатып алышкан. Жети миллион долларга нур тездеткич эки-комплекс, томография жасай турган компьютер жана дагы башка зарыл аппараттар алынган.

«Бул мамлекеттин эң көп суммада биринчи ирет сатып алган медициналык жабдуусу болду. Биздин максат — Кыргызстандын элине онкологиялык оорулардан дарылоонун сапатын көтөрүү жана жеткиликтүү кылуу. Бул дартты жана анын кесепетинен болгон өлүмдү азайтуу. Нур тездеткичтердин жардамы менен онкологиялык бейтаптарга көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапаты жакшырат», — деген министр Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, Радио-нур аппараты өлкөдөгү жаман кеселден жапа чеккендерге нур тездеткич — бардык ткань жана органдарда пайда болгон арты кайырсыз шишиктерди дарылоодо колдонулат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1148