Кечээ, 6-июлда Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Өмүралиев Түркиянын Тышкы иштер министрлигине кыргыз жараны Орхан Инандынын жүргөн жери жөнүндө маалымат берүү жана консулдук кызматкердин ага кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчүн билдирген. Явуз Кыран Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптын өтүнүчүн Түркиянын Юстиция министрлигине жөнөтөрүн билдирди. Ошол эле учурда ал Орхан Инанды Түркиянын жараны экендигин жана анын жүргөн жери жөнүндө маалыматы жок экендигин белгиледи», — деп берилет маалыматта.
Орхан Инанды кыргыз жараны жана көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан.
Белгилей кетсек, 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.
ИИМ: Орхан Инанды Кыргызстандын жарандыгын кандай жол менен алгандыгы текшерилүүдө