Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕӨРБ) Кыргызстанга өлкөнүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого 12 млн АКШ долларын бөлөт.
Макулдашууга Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев жана ЕӨРБ президенти Одиль Рено-Бассо Токио (Япония) шаарында өтүп жаткан Борбор Азия инвестициялык форумунун аянтчасында кол коюшту.
Берилген каражаттын 8 млн доллары бул узак мөөнөттүү насыя, 4 млн доллары грант.