7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эстен кеткис бир сапар. Троя музейине саякат

647

Түркия тарыхты келечек муунга сактаган, жеткирген, тааныткан ири музейлери менен да дүйнөгө белгилүү. Байыркы уламыштарда аты аталган, ошондой эле маанилүү тарыхый окуялардын ордосу болгон Чанаккале шаарында, уникалдуу Троя музейи жайгашкан. Музейге келген зыяратчылар миң жылдык тарых жазылган чыгармалар, өтмүшкө байланыштуу баалуу маалыматтар менен тааныша алышат. Байыркы Троя шаарынын кире беришинде жайгашкан Троя музейи жөнөкөй, бирок таасирдүү архитектурасы, ошондой эле коллекция жана көргөзмө концепциялары үчүн эл аралык сыйлыктарга да татыган тарыхый имарат.

ЧАНАККАЛЕНИН БАРКЫН КӨТӨРГӨН ТРОЯ МУЗЕЙИ

Үч миң жылдык тарыхы бар Байыркы Троя шаары 1998-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген. Тарыхтын изине түшүп, аны жарыкка чыгарууну көздөгөн жергиликтүү жана чет элдик археологдор 2018-жылды “Троя жылы” деп жарыялап, Троя музейин ачышкан.

ЗАМАНБАП ДИСПЛЕЙЛЕР МЕНЕН ТАРЫХКА САЯКАТ

Троя музейинин жалпы аянты 90 миң чарчы метрди түзөт. Үч кабаттан турган бул музейде эпикалык романтика жана цивилизациянын мекени катары сүрөттөлгөн байыркы шаар жана андагы баалуу казыналар, археологиялык табылгаларды көрө аласыз.

ТАРЫХКА ТЕРЕҢДИК КОШКОН 3D ФОРМАТ


Музейде зыяратчылардын кирип-чыгуусуна шарт түзүү, ыңгайлуулук жаратуу үчүн заманбап системалар орнотулган. Маселен музейдин кире беришиндеги циркуляциялык оркестр көрүүчүлөргө көргөзмөлөр боюнча кыскача багыт берет. Пандустар болсо сизди көргөзмө аянтына алып барат. Андагы терминдер, диаграммалар, чиймелер жана тексттер интерактивдүү ыкмалар аркылуу түшүндүрүлөт. Музейге киргизилген 3D формат тарыхка теңдешсиз тереңдик кошуп турат.

УНИКАЛДУУ ЭКСПОНАТТАР ЖАЙГАШКАН ЖЕР
Музейге келген конокторду босогодон байыркынун улуу акыны Гомер «Илиада» чыгармасы менен тосуп алат. Бул музейде Троя согушун баяндаган эпостун үзүндүлөрүн алты тилде окуй аласыз. Ошондой эле эски шаардын тарыхын изилдеген жети бөлүм менен да таанышасыз. «Троас аймагынын археологиясы», «Троядагы коло доор», «Илиада жана троялык согуш», «Байыркы доордогу Троас жана Илион», «Чыгыш Рим жана Осмон доорлору», «Троянын тарыхы. Археология жана Троянын издери» деген аталыштагы бул жети бөлүмдө байыркы Троя шаарынын уникалдуу экспонаттары чагылдырылган.

ЗАМАНБАП АРХЕОЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙ


Скульптуралар, саркофагдар, жазуулар, курмандык чалынуучу жайлар, тепкичтер, терракоталык керамика, металл идиштер, алтын, курал-жарактар, тыйындар жана жасалгалар сыяктуу ар кандай экспонаттарды көрсөткөн музей дүйнөдөгү эң маанилүү заманбап археологиялык музейлердин бири болуп саналат. Троя музейи 2020-жылы » Европа музейинин атайын сыйлыгы», 2020/2021 -жылдары «Европа музей академиясынын атайын сыйлыгы» жана «Эскерүү сыйлыгы» менен сыйланган.

Заманбап дисплейлер менен тарыхты көрөм десеңиз Троя музейине келиңиз!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

648