7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЕЭКнын кеңешинин 2020-жылдагы соңку жыйыны болду

335

Артем Новиков видеоконференция форматында өткөн Евразиялык экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2020-жылдагы соңку жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 12 маселе каралган отурумдун жүрүшүндө ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары менен ЕЭКтин ортосунда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин эмгектенгендерди пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келишимдин жоболорун колдонуу боюнча өз ара аракеттенүү тартиби бекитилди.


Документ ыйгарым укуктуу органдардын пенсияларды дайындоо жана төлөө боюнча өз ара аракетин жөнгө салууга жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө пенсияларды экспорттоонун механизмин жөнгө салууга мүмкүндүк берет.


Жолугушуунун катышуучулары дары-дармек каражаттарын улуттук процедура боюнча каттоо үчүн өткөөл мезгилин узартуу маселесин талкуулашты.


ЕЭК кеңеши жасалма вискоздук буласы үчүн бажы алымынын ставкасын 1 жылдык мөөнөткө жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Көрүлүп жаткан иш-чара ЕАЭБде токулбаган жана гигиена каражаттарын өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган.
ЕЭК кеңешинин отурумунун жүрүшүндө ЕАЭБдеги техникалык регламенттер боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.


Ошондой эле COVID-19 менен байланышкан жагымсыз эпидемиологиялык шартта сериялык түрдө өндүрүлгөн продукцияны сертификациялоо боюнча убактылуу чаралар көрүлдү.


Кабыл алынган чечимдин алкагында чектөөлөр мезгилинде продукциялардын ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештиги аралыктан бааланат. Ошол эле учурда кабыл алынган чечимге ылайык, убактылуу чараларды колдонуу менен сертификатталган продукциянын техникалык регламенттерге шайкештигине мамлекеттик көзөмөл күчөтүлөт.


Кеңештин мүчөлөрү Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2021-жылдын 29-январында өткөрүүнү белгилешти, ошондой эле ЕАЭБ интеграциясын андан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерди кабыл алышты. Жылдын жыйынтыктоочу жыйында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2020-жылдагы ишинин оң динамикасын айтылды. Белгилей кетсек, ЕАЭБ органдарына 2021-жылы Казакстан Республикасы төрагалык кылат.


Катышуучулар кеңеш тарабынан 2020-жылы кабыл алынган бардык макулдашылган актыларга ушул жылдын аягына чейин кол коюуга макулдашышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

336