Социалдык тармактарда Бишкектеги барда эки жарандын катуу мушташып жаткан видеосу тараган. 7-каналга Биринчи Май РИИБден окуя тууралуу маалымат берди.
«1-августта саат 02:37 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына «Мото» соода борборунда мушташ чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Мушташтын айрым катышуучулары тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынган жана келүү милдети менен бошотулган.
Учурда тергөөгө чейинки иликтөө иштеринин алкагында мушташтын калган катышуучуларын аныктоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.
Тергөөнүн жыйынтыгынан кийин мушташтын бардык катышуучуларына юридикалык баа берилет»,-деп берилет маалыматта.