7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күндөн туура энергия алыш үчүн эң ыңгайлуу убакыт кайсы учур?

258

Учурда жайкы аптаптын күчөп турган маалы. Ысык-Көлдө эс алууда жүргөн мекендештер бири ден-соолук үчүн күнгө кактанам десе, экинчиси сулуулук үчүн кызгылтым тартып күйөм деп убара. Айылда болсо чөп жыйнамай, шаарда көчөдө жүрүп эле күйүп каласын.

Баарыбыз эле билгендей, күн нуру териден, чачтан, көздөн баштап ички органдарга чейин оң же терс таасирин берет. Бул макалада белгилүү дерматологтор айтып келген туура күйүүнүн атайын эрежелери менен тааныштырабыз.

Күнгө ашыкча күйгөндө кишинин дене табы көтөрүлүү, көңүл айнуу, кусуу сыяктуу дароо тийүүчү жана убакыт өткөндөн кийин тийүүчү бир топ кесепеттери бар. Ошондуктан бир эле күн кыйналдым, эч нерсе болгон жокмун деген жарабайт деп адистер эскертишет.

Күнгө күйөрдө атайын ыкмаларды унутпаңыз. Күнгө күйүүнүн өзүнчө эрежелери бар. Биринчиден, көл жээгине барып күнгө күйөөрдөн мурун атайын кремди эске алуу керек. Аны күндөн коргоочу кремдер жана күнгө күйүүдө колдонуучу крем деп коёт. Кремдин 15, 30, 50 деп күндөн сактаган фактору болот. Ошол кремдердин бирин шыбанып, имарат же бөлмөдө 20-30 мүнөт тыныгып олтуруп анан гана жээкке чыгуу керек.  Экинчиден, дароо эле барып күйүп ийген жарабайт. Адегенде ашып кетсе 20 мүнөт кактанып, андан соң күнүнө 5-10 мүнөттөн кошуп узартуу керек. Жалпы денени туура, пайдалуу күйгүзүп алуу 20 мүнөттөн башталып, 1,5-2 саатка чейин жеткирсе жакшы болот. Аны эске албай дароо эле күнгө күйүп, нурдун соккусун алып ооруп калгандар аз эмес. Сонун сергип жатам деп ачык асман алдында, күн нуру түз тийген жерге уктап калганга болбойт. Эс алабыз деп барып, ооруп келгендер көп, абайлап күйүш керек. Онкологдор аптаптуу күнгө көп чыкпагыла деп келет . Кээде талаада иштеп жатып деле териси күйүп, түлөп, а түгүл ыйлаакчалар пайда болуп кеткенин көрүп жүрөбүз.

Күнгө күйүүнүн бир нече стадиясы болот. Көбүнчө I, II стадияда күйүшөт.

I стадиясы болгондо — жөн гана дене кызарып,  бир аз шишип, ооруксунуп, ачышат. Анан бир нече күндөн кийин түлөп баштайт, ошону менен күйүк процесси өтүп кетет.

II-стадияга келгенде ыйлаакча пайда болот. Бул убакта ыйлаакчанын ичинде суюктук пайда болот, (межтканевая жидкость) сары суу десек болот. Кокус ага бактерия түшүп кетсе ириңдеп кетүү коркунучу бар. Буга көбүнчө жаш балдар кабылат. Себеби, алардын териси назик болот. Ошондуктан жаш балдар ашыгыраак күнгө күйүп, ыйлакчадан улам бактерия түшсө пиодермия оорусуна өтүп кетиши мүмкүн. Муну ириңдүү жара оорулары деп коёт. Аны дарылоо бир аз кыйыныраак болуп калат.

Күнгө нык тоюп алып же ачка чыкканга болбойт. Булардын баары эле чегинен ашкан соң кооптуу. Организмге тийген дозасына байланыштуу болот. Кыргызстан күн жакшы тийген, күн нуру жетиштүү өлкөлөрдүн бири. Андыктан күндө канча убакыт турасың ошого байланыштуу болот.  Экинчиден, генетикалык жактан караш керек. Адамдын генетикасында залал шишик болсо, өзгөчө бул териде болсо, башкача айтканда тукумунда меланома оорусу болсо аябай абайлаш керек.

Андан дагы тери оорулары болот.  Мисалы,  экзема, дерматит, башка оорулар. Ошолор да абайлаш керек,  күнгө күйбөй этият болгону маанилүү.

Экинчи маселе болсо, бул жерде мелономаны алсак. Бул ооруу — генетикалык аппарат. Теридеги клеткаларда өзгөрүүлөр болот. Көбүнчө өзгөрүүлөрдүн  себеби — күн нурлары. Күн нурунун баардык түрү өзгөрүүгө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан абайлап жүрүү керек.

Ысык урбашы үчүн эмне кылыш керек? Туура күйүш үчүн,  күндөн туура энергия алыш үчүн эң ыңгайлуу убакыт кайсы учур?

Ынгайлуу убакыт дегенибиз саат сегизден он бирге чейинки аралык же болбосо түштөн ооп саат 4-5тен күн батканга чейинки убакыт десек болот. Башка убакытта күйбөгөнгө аракет кылуу керек. Күнгө чыга бербеш керек, эгер күндө жүрүп калсаңыздар кремдердин сүйкөнүп, баш кийим кийип жүргөндө дагы эки сааттан ашык жүрүүгө болбойт.

 

 

 

 

 

259