7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

77 жаштагы ата V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен сапар алды

304

Бүгүн, 1-августта Ош шаарынын борбордук аянтында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына жол алган 77 жаштагы Ош шаарынын тургуну Мамыт Таштановду узатуу аземи болуп өттү.

Узатууга Ош шаарынын мэриясынын, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, жакындары катышты.

Мамыт Таштановго Ош шаарынын мэриясы тарабынан акчалай жардам көрсөтүлдү.

Мамыт Таштанов жалпы 2016 чакырым жолду түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун бекемдөө максатында басып өтөт. Ал буга чейин, 2022-жылдын 5-августунда Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен барган.

Белгилей кетсек, быйыл V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрда Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөрүлөт. Мелдештерге 85 өлкөдөн 21 спорттун түрү боюнча 2000ден ашык спортчу катышары болжолдонууда.

 

305