7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көп кабаттуу турак жай комплексинен 15 миң чарчы метри мамлекетке өткөрүлдү

251

Бишкектеги Орто-Сай айылындагы «Н» контурунда жайгашкан аянты 3,08 га жер участогунун ээлеринин бири тарабынан алдамчылык аракеттери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Тактап айтканда, мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында аталган жер тилкесинин тең ээси болгон эки жаран УКМКнын дарегине арыз менен кайрылып, 2007-жылы Б.С. аттуу жаран менен биргеликте жер тилкесин сатып алышканын билдирген. Келишимге ылайык, жер тилкеси Б.С.нын атына катталып, бирок иш жүзүндө үч жаран тең бирдей үлүшкө ээ болгон. Жер тилкеси трансформацияланган жана өзүнчө лоттор менен сатылган Аламүдүн токой чарбасынын жерлерине таандык экени аныкталган.

Аталган факты боюнча жер которуунун жана бөлүп берүүнүн мыйзамдуулугу боюнча буга чейин кылмыш иши козголгон.

Б.С. аттуу жаран жеке кызыкчылыгын канааттандыруу жана пайда алуу максатында башка үлүш ээлери менен макулдашуусуз бардык жер участогун турак жай комплексин куруу үчүн курулуш компаниясына сатып жиберген. Компания Б.С. менен биргелешкен ишмердүүлүк жөнүндө келишим түзүп, ага ылайык, Орто-Сай айылындагы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай комплексиндеги 18 000 чарчы метр турак жай аянты акыркы болуп эсептелген.

Мындан улам, жер тилкесинин үч тең ээсинин катышуусунда Б.С. зыяндын ордун толтуруунун эсебинен жабыркаган эки жарандын пайдасына 18 000 чарчы метрди берди. Өз кезегинде аталган жарандар адилеттүүлүктү орнотуп, мүлкүн кайтарып алууну гана каалашканын белгилешти. Мында пайда болгон жагдайларды эске алуу менен жана курулуш компаниясынын иш-аракеттеринин ак ниеттүүлүгүн түшүнүү менен үлүш ээлери  3000 чарчы метрди компенсация катары алууну билдиришип, ал эми калган 15000 чарчы метрди өз ыктыяры менен мамлекеттин пайдасына өткөрүп беришти.

15 000 чарчы метр турак жай аянты 300дөн ашык батирди түзөт, алар 15 млн. АКШ долларына бааланып, КР Улуттук банкынын курсу боюнча болжол менен 1 млрд. 260 млн. сомду түзөт. Аталган турак-жай аянттарын Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берүү пландалууда.

Учурда аталган жер участогунда алынган долбоордук-уруксат берүүчү документтерге ылайык, көп кабаттуу турак жай комплексинин курулушу башталды. Үйлөрдүн курулушун жакынкы эки жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда.

 

 

252