7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эгемендүүлүк күнү Ошто белгиленет. Даярдыктар кызуу жүрүүдө

519

КРнын Эгемендүүлүк күнүн Ош облусунда белгилөөгө байланышкан даярдык иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги Айбек Жунушалиев өткөргөн көчмө жыйынга майрамды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, президенттин Ош облусундагы өкүлү, Ош шаарынын мэри жана жергиликтүү мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар инфраструктуралык объектилер реконструкцияланууда жана жаңы курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Жунушалиев борбордук аянтта өтүшү пландалган иш-чаралардын даярдыктары менен дагы таанышып, иштерди ыкчам жүргүзүүнү тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

520