7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Жалал-Абадда кол өнөрчүлөр көргөзмөсү өтөт

807

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата  Жалал-Абадда «Алтын өрөөн» кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы уюштурулууда.

20-август Барпы театрында өлкөнүн бардык аймактарынан келген ууз-чеберлердин эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулат.

Мындан сырткары, 31-август күнү Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларында өткөрүлгөн «Менин элим, менин жерим – нур төгүлгөн Кыргызстан» аталышындагы телесынактын жеңүүчүлөрү аныкталат. Ага облус өкүлүнүн резервдик фондунан 250 миң сом каражат бөлүнгөн.

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын утурлай өткөрүлүүчү иш-чаранын максаты улуттук баалуулуктарды даңазалоо менен анын калк арасында кеңири жайылтуу болуп саналат. Фестивал улуттук кийимдердин көргөзмөсү, театралдаштырылган көрүнүш жана концерттик программалар менен коштолот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

808