Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Жалал-Абадда «Алтын өрөөн» кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы уюштурулууда.
20-август Барпы театрында өлкөнүн бардык аймактарынан келген ууз-чеберлердин эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулат.
Мындан сырткары, 31-август күнү Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларында өткөрүлгөн «Менин элим, менин жерим – нур төгүлгөн Кыргызстан» аталышындагы телесынактын жеңүүчүлөрү аныкталат. Ага облус өкүлүнүн резервдик фондунан 250 миң сом каражат бөлүнгөн.
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын утурлай өткөрүлүүчү иш-чаранын максаты улуттук баалуулуктарды даңазалоо менен анын калк арасында кеңири жайылтуу болуп саналат. Фестивал улуттук кийимдердин көргөзмөсү, театралдаштырылган көрүнүш жана концерттик программалар менен коштолот.