7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эйнштейндин скрипкасы 405 миң долларга бааланды

387

Окумуштуу Альберт Эйнштейнге таандык скрипка Улуу Британияда аукционго чыгарылды. Анын баасы 270–405 миң АКШ доллар арасы деп бааланууда. Бул тууралуу Известия агенттиги жазды.

Эйнштейн бул музыкалык аспапты 1890-жылдары сатып алган. Айрыкча ал 1905-1915-жылдары салыштырмалуулук теориясы боюнча эң маанилүү макалаларын жазып жаткан учурда да ушул скрипкада ойногон.

1930-жылдары нацисттер бийликке келгенде Эйнштейн АКШга көчүп жатып скрипкасын кесиптеши физик Макс фон Лауга калтырган.
Арадан 20 жыл өткөн соң Лау бул буюмдарды Эйнштейндин күйөрманы Маргарете Хоммрихке белек кылган. Анын үй-бүлөсүндө аталган буюмдар 70 жылдан ашык сакталып турган.

388