Маданияттын мыкты кызматкери, бир нече кинолордо башкы ролду жараткан белгилүү актёр Нуржаасын Жумагулов кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж. Себеби анын эки бөйрөгү тең жабыркап, алмаштыруу зарыл.
Мындай операция чет өлкөдө жасалгандыктан Жумагуловго өтө соң суммадагы каражат керектелүүдө, мындан улам актёр элден жардам суроого аргасыз.
Актёрдун досторунун айтымында, ал бул дарт менен эки жылдан бери күрөшүп келген. Кыргызстанда дарыгерлер мындан ары жардам бере албай тургандыгын, чет мамлекетке барып тез арада операция жасатуусу керектигин айтышкан. Учурда чет өлкөлүк ооруканалар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын билдиришти.
Нуржаасын Жумагулов «Мегатой», «Жетикс», «Миң бир түн» жана башка тасмаларда роль ойногон. Өткөн жылы ноябрь айында сүйүктүүсү актриса Акылай Эсенбай кызына баш кошкон.
Актёрго жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
0709372919 — ЭЛСОМ
0709372919 — О! Деньги
0709372919 — МБанк
KICB 9417 4330 1210
BAKAI BANK 9417 5485 0739 0363