Мэриянын маалыматына ылайык, окуяны териштирген атайын комиссия төмөнкүлөрдү аныктаган:
▪️Класс жетекчилер эс алууга 13 класстын балдарын алып барган, педагогдордун бири аквапаркка чогуу барууну уюштурган
▪️Мектеп администрациясы менен балдар иши боюнча инспекторго кабар берилген эмес
▪️Мындан улам окуучуларды балдар иштери боюнча инспекторлор жана укук коргоо органдары коштоп барган эмес
▪️Онлайн окуу боюнча эч кандай буйрук чыккан эмес жана балдар менен ата-энелерге коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес
▪️ Жалпысынан 232 окуучу, тогуз мугалим жана ата-энелер комитетинен тогуз өкүл барган
▪️Комиссия милдетин аткарбаганы үчүн мектеп директоруна дисциплинардык чара көрүүнү сунуштаган