Бүгүн 9-июнда Кыргызстандын мектептеринде кезектеги окуу жылынын аякташына байланыштуу “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтөт.
Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлагандай, 2021-2022-окуу жылында 9-классты 106219 бүтүрүүчү, 11-классты 67045 бүтүрүүчү аяктайт.
Министрлик мектептеги салтанаттан кийин кафе-ресторандарда, парктарда майрам уюштурууга, жаратылышка чыгууга тыюу салынарын өткөн айда эскерткен.