Ара төрөлгөн 4 айлык Амина Замировага тез арада эки көзүнө операция жасатуу үчүн каражат керек. Ымыркайдын ата-энеси кайрымдуу адамдардан жардам сурайт.
“Менин атым Замир Мусаев. Мен Амина Замированын атасы болом. Кызым ара төрөлүп, жарык дүйнөгө келгенден кийин жасалма дем алдыруучу аппаратка жатып калган. Төрт ай болгондо неврологияга алып келсек УЗИге жөнөттү, ал жерден көзүн тартыргыла деди. Көзүн тарттырсак, эки көзүнө тең “ретинопатия катаракта” деген диагноз коюп, эки кареги сыйрылып жатканын айтып, Орусияга барып операция жасатыш керектигин билдиришти. Алгач операция 15000 доллар экенин айтышты. Тилекке каршы, бизде мындай каражат жок болгондуктан, башка жолун издештирип отуруп, Бишкектеги “Мехмет Чакмак” аталышындагы түрк клиникасын таап, ал жактан 5000 долларга сүйлөштүк. Эгер, өз убактысында жазап жетишпесек, эки көзү тең көрбөй калуу коркунучунда. Ошондуктан, элге кайрылууга мажбур болуп жатабыз. Кайрымдуу элим, сиздерден суранарым, кызыбыздын көзүн сактап калууга жардам бериңиздер”.
Жардам берүү үчүн:
ЭЛСОМ 0779 204 324
BALANCE.KG 0779 204 324
РСК БАНК 9417089949039409,
KICB BANK 9417018754980910,
VISA KART 4177490150923276
Кошумча 0706 140 446 номери аркылуу байланышса болот.