7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратура Текебаев менен Чотоновду айыптоодон баш тартты

459

Бүгүн, 13-апрелде Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин карап жатат.

Маалым болгондой, Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча прокуратура мамлекеттик айыптоону колдоодон баш тартты.

Аларга карата коррупция фактысы боюнча, Орусиянын жараны Леонид Маевскийден анын ишенимдүү адамын “Альфа Телеком” ЖАКун башкарууга киргизүү үчүн мыйзамсыз 1 (бир) миллион АКШ долларын алышкан деген негизде айыптар угузулган.

Иш боюнча жарыш сөздүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар Текебаев менен Чотоновдорго карата алардын күнөөлөрү далилденбегендиктен, айыптоону колдоодон баш тартышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

460