7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эки миңдей жөө жүргүнчүгө 1000 сомдон айып салынды

336

27-январдан тартып, 1-февралга чейин, өлкө аймагында “Жөө жүргүнчү” аталышында рейд өткөрүлүп, жалпы 19317 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.

Алардын ичинен:

-1842 жөө жүргүнчүгө жолдорду кесип, туура эмес жерлерден өткөндүгү үчүн 1000 сомдон айып салынган;

-4920 айдоочуга жөө өткөлдөрдөн жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербегендиги үчүн 3000 сомдон айып салынды.

Эскерте кетсек, 2024-жыл ичи катталган жол кырсыктарынын 38 пайызы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү фактылары менен коштолгон.

Ошол себептүү мындай фактыларга жол бербөө максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөө жүргүнчүлөргө карата рейддик иш-чараларды уюштуруп, көзөмөлдү күчөтүүдө.

 

337