7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коңшу өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттарынын салыктык милдеттенмелери

9

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн чектеш мамлекеттердин чет өлкөлүк жарандарынын салыктык милдеттенмелерин түшүндүрөт.

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык, курулуш, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы жана жеке тейлөө чөйрөсүндө иштөө үчүн жеке жактар – Кыргызстандын жарандары гана жалдаган коңшу мамлекеттерден келген эмгек мигранттары үчүн патенттин негизинде салыктын белгиленген ставкасы каралган.

Эмгек мигранты патентти жана камсыздандыруу полисин өз алдынча сатып алууга милдеттүү экенин эстен чыгарбоо керек. Патенттин баасы белгиленген жана айына болгону 800 сомду түзөт. Камсыздандыруу төгүмүнүн өлчөмү орточо айлык эмгек акынын 6% түзөт.

Белгилей кетсек, патент визасыз режимдин мезгилинде сатып алынат жана жеке жактардын колунда гана иштөөгө укук берет.

Патентти жана камсыздандыруу полисин сатып алуу үчүн эмгек мигранты төмөнкүлөрдү жасашы керек:

  • Визасыз режим мөөнөтү күчүндө болгон маалда жеке идентификациялык номерди (ПИН) алуу үчүн каалаган КТБга кайрылууга тийиш.
  • Паспорттун түп нускасын жана анын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосун, ПИН ыйгарылганы жөнүндө маалымкатты жана убактылуу жашаган жеринен каттоо талонун алып, иштеген жери боюнча аймактык салык органына кайрылып, STI-163 формасы боюнча арыз жазып, биринчи кагаз патентин алышы керек.
  • Биринчи жолу келген учурда Салык кызматынын инспектору cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү үчүн логинди жана сырсөздү берет. Андан кийин патентти смартфон, планшет же компьютер аркылуу аралыктан узартып турууга болот.

Эгерде эмгек мигранты юридикалык жактын же жеке ишкердин колунда иштесе, анда иш берүүчү салык агенти катары чыгат, жумушчунун эмгек акысынан киреше салыгын өз алдынча кармап калат, зарыл болгон чегерүүлөрдү жүргүзөт жана салыктык милдеттенмелерди аткарууга байланышкан бардык жол-жоболорду өзү жасайт.

Жеке, курулуш же чарбалык муктаждыктар үчүн чет өлкөлүк адистерди жумушка тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсине салабыз: жумушчуларды расмий тариздөө жана аларда патенттин бар болушун көзөмөлдөө мыйзамдарды сактоонун жана иш берүүчүнүн укуктук коопсуздугунун маанилүү шарттары болуп саналат.

Мигранттарды каттоодон өткөрбөстөн ишке орноштуруу үчүн административдик жоопкерчилик каралган.

Салыктарды төлөө – бул Кыргызстандын ар бир тургунунун жана коногунун ыңгайлуу жашоосу үчүн инфраструктураны, жол тармагын жана коомдук коопсуздукту өнүктүрүүгө кошкон салым.

Салык кызматы Эл аралык миграция уюму жана БУУнун Тынчтыкты куруу фонду менен биргеликте салыктык милдеттенмелерди жана чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасында мыйзамдуу ишке орноштуруу маселелерин түшүндүрүү боюнча маалыматтык өнөктүк жүргүзүүдө.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

10