Кыргызстандын бокс боюнча U-23 улуттук курама командасы Азия чемпионатына катышат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, чемпионат 1-17-июль күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында өтөт.
Эркектер арасындагы улуттук курама команданын курамы:
- Ясур Талайбек уулу – 50 кг;
- Зафарбек Камилов – 55 кг;
- Амантур Жумаев – 60 кг;
- Омар Ливаза – 65 кг;
- Алмаз Орозбеков – 75 кг;
- Сагын Сатыбалды уулу – 80 кг;
- Мухаммадазиз Закиров – 85 кг;
- Мырзакир Кошалиев – +90 кг.
Команданы башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жетектейт.
Ошондой эле ушул эле турнирге кыз-келиндер арасындагы улуттук курама команда төмөнкү курамда катышат:
- Нурайым Осмонова – 48 кг ;
- Милана Шихизбекова – 54 кг;
- Гулзина Мелисбек кызы – 65 кг.
Кыз-келиндер курама командасын башкы машыктыруучу Р. Есенкулов жетектейт.



