Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМНин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 86-чакырымында Lexus RX-350 жана Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен 50, 48, 27 жаштагы кишилер жабыркаган, ошондой эле 2016-жылы туулган Ж.Б. аттуу кичинекей бала да ооруканага жеткирилген. Андан тышкары, 1973-жылы туулган Р.А. жана 1991-жылы туулган Ш.Р. аттуу эки аял каза болгон.
Кырсык болгон жерге куткаруучулар тартылып, маркумдардын сөөгүп унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген.