Кечээ, 11-майда Ош облусунун Кара-Суу районунда «З.М.М». аттуу жаран баңги зат сатууга шектелип кармалды.
Маалыматка ылайык, шектүүнүн үйүн тинтүү жүргүзгөндө жалпы салмагы 1 кг ашык болгон кара куурай түрүндөгү (гашиш) баңги заты табылып алынган.
«Кармалган жаран УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тийешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.